Алматыда аялдын ичинен марли табылганын казак басылмасы билдирди. Бул тууралуу басылмага юрист Анна Чернова кабарлады.
Адвокаттын айтымында, өткөн жылдын август айында аял Алматынын №2 төрөт үйүнө жаткырылган, ал үчүнчү баласын төрөп жаткан. Ал кесарево жолу менен төрөгөн. Ошол учурда дарыгерлер марлини ичинде унутуп коюшкан.
"2025-жылдын 3-июнунда шашылыш операция учурунда дарыгерлер шок болушту. Аялдын ичинде дарыгерлер кесарево операциясы учурунда курсак көңдөйүндө унутулуп калган марли салфетка болгон. Ал 9 айдан бери ириңдүү сезгенүүнү пайда кылып, ичегисинин жарымын алып коюуга туура келди",- деп кошумчалады юрист.