Бүгүн, 2-июлда өлкө башчысы Садыр Жапаров Москвага болгон иш сапарынын алкагында Орусиянын лидери Владимир Путин менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдирди.
Мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартиптин актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык тармактардагы маселелерди талкуулашкан жана кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана союздаштыгынын жетишилген жогорку деңгээлине канааттанууларын билдиришкен.
Путин экономикалык кызматташтыктагы оң динамиканы белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн туруктуу өсүшүн, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын алгачкы айларында товар жүгүртүүнүн бир кыйла көбөйүшүн баса белгилеген. Ал ошондой эле Кыргызстандагы орусиялык ишканалардын активдүү ишмердүүлүгүнө токтолгон.
Орус лидери Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзгөн бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга аракеттешкен Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин натыйжалуулугун жогору баалаган.
Владимир Путин кыргыз тарапка орус тилине өзгөчө макам бергени үчүн ыраазычылык билдирип, бул гуманитардык гана эмес, экономикалык тармактарда да кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүн белгилеген.
Өз кезегинде Садыр Жапаров бул жолугушуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык маселелерин эки мамлекеттин кызыкчылыгында талкуулоого мүмкүндүк бергенине ишенимин билдирген. Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосунда толук өз ара түшүнүшүү жана ишеним бар экенин ырастап, саясий келишпестиктер жана карама-каршылыктар жок экенин белгилеген.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн лидерлери бардык негизги багыттар боюнча көп пландуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоо ниеттерин ырасташкан.