Америкалык рэпер Шон Комбстун (P.Diddy) сотунда калыстар тобу өз чечимин чыгарды. Ал эң оор айыптар боюнча акталганын The New York Times басылмасы жазды.
Комбс сексуалдык эксплуатациялоо максатында адам сатуу жана кылмыштуу уюмду уюштуруу боюнча күнөөлүү эмес деп табылган. Бирок сот арачылары аны сойкулукка мажбурлаган деп тапкан. Бул берене боюнча ал он жыл эркинен ажыратылышы мүмкүн. Эми сот өкүм чыгарышы керек.
P.Diddy'нин соту май айында башталган. Рэпер рэкетчилик, сексуалдык кулчулукка адам сатуу жана сойкулукка мажбурлоо беренелер менен айыпталып жаткан.
Эске салсак, Шон Комбс өткөн жылдын сентябрь айында кармалып, камакка алынган.