Атактуу америкалык рэпер жана музыкалык продюсер Шон Комбс (каймана аты P. Diddy) сот өкүмү чыкканга чейин камакта калмай болду. Бул тууралуу The New York Post жазды.
Маалыматка ылайык, соттук кеңешчилер аны аялдарды сойкулукка тартуу максатында мыйзамсыз ташыган үчүн күнөөлүү деп табышты. Анын коргоочулары 1 миллион доллардык кепилдик менен ырчыны эркиндикке чыгарууну суранышкан, бирок сот бул өтүнүчтү четке какты.
Сот Арун Субраманян P. Diddy эркиндикке чыкса, коомго кооптуу болушу мүмкүн деп эсептеди. Ал өз сөзүндө мурунку сүйлөшкөн кызы Кэсси Вентурага карата зомбулук фактыларын да эске салды.
P. Diddyге карата негизги айыптар:
Сот эки учур боюнча күнөөлүү деп тапты. Ар бир эпизод үчүн максималдуу жаза катары 10 жыл эркинен ажыратуу каралган.
Ал эми адамдарды күч менен ташуу жана кылмыштуу топко мүчө болуу боюнча айыптардан ал акталды.