Amazon кампаларында роботтордун саны кызматкерлердин санына жакындап калды 

Amazon компаниясы өзүнүн кампаларында 1 миллиондон ашык роботту орнотту, бул көрсөткүч кызматкерлердин санына (1,56 миллион адам) жакын. Бул тууралуу Investopedia басылмасы жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, Amazon жеткирүүлөрүнүн 75 пайызын робототехника түзөт. Өткөн жылы ар бир объекттеги орточо кызматкерлердин саны 670 адамды түзүп, бул акыркы 16 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болду.

Өткөн айда компаниянын башкы директору Энди Жасси жакынкы жылдары жасалма интеллекттин өнүгүшүнө байланыштуу кызматкерлердин саны кыскарарын билдирди.

Amazon компаниясы 2012-жылдан бери өзүнүн бардык объекттеринде тогуз түрдүү роботту колдонуп келет. Бул роботтор датчиктер, камералар жана автоматташтырылган процесстер аркылуу товарларды сорттоп, көтөрөт жана ташыйт.

"Amazon Sequoia" системи жасалма интеллект, робототехника жана компьютердик көрүү технологияларынын жардамы менен кампадагы инвентарларды тааныйт, жайгаштырат жана кызматкерлерге товар жеткирет.

"Hercules" товар салынган контейнерлерди жеткирип, 3D-камера аркылуу жолундагы адамдарды жана объекттерди тааныйт.

"Titan" болсо "Hercules" роботуна салыштырмалуу эки эсе оор жүктү көтөрө алат жана чоң көлөмдөгү буюмдар үчүн ылайыкташкан.

"Robin" Amazon тарабынан жүктөрдү жүк ташуучу унаага жиберүүдөн мурда сорттоо үчүн атайын иштелип чыккан биринчи робот кол. Ал автоматташтырылган түрдө товарларды иргеп, логистика процессин ылдамдатат.

"Cardinal" дагы робот кол болуп саналат. Бул аппарат жогорку деңгээлдеги жасалма интеллектти жана компьютердик көрүү системин колдонуп, товарлардын арасынан керектүүсүн тез тандап алуу үчүн соргуч түзмөктү пайдаланып иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан