Измирдин дагы башка райондорунда өрт чыкты

Түркиянын Измир облусунун Чешме районунда айыл чарба жеринен башталып, андан соң токойго жайылган өрт чыгып, кырдаал курч бойдон калууда. Күчтүү шамалдын таасири менен жайылып кеткен жалын Измир-Чешме автоунаа жолуна чейин жетип, жол эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда түрк басылмалары жазышты.

Маалым болгондой, өрт кечээ, 2-июль күнү кечинде Чешме районундагы Ылдыр аймагында чыккан. Өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Измирдеги Токой чарба башкармалыгынан 6 учак, 19 тик учак, 39 өрт өчүрүүчү унаа, 14 суу ташуучу унаа жана 4 бульдозер тартылды. Ошондой эле Тополоңдорго каршы күрөшүүчү атайын унаалар дагы тартылып, колдоо көрсөттү.

Чешмеге караштуу 3 айыл коопсуздук үчүн эвакуацияланды. Аймактагы шамал ылдамдыгы саатына 85 чакырымга чейин жетип, өрт өчүрүү иштерине олуттуу тоскоолдук жаратууда.

Өрт электр линияларынан чыгышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Ошол эле күнү кечки саат 21:30 чамасында Измирдин Өдемиш районуна караштуу 2 айылдын ортосунда дагы өрт чыгып, ал да электр линияларынан чыккан болушу мүмкүн деп бааланды. Өрт эки айылга да жетип, тургундар шашылыш эвакуацияланды. Сучыкты айылында кээ бир тургундар өрттүн ичинде калып калган. Бирок көп өтпөй баары аман-эсен чыгарылды. Айрым үйлөрдө зыян бар экени белгилүү болду.

Учурда өрт толугу менен өчүрүлө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан