Токмок шаарында салмагы 5 килограмм болгон алп наристе жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Токмок мэриясы маалымдады.
Ага ылайык, мэр Алтынбек Эргешов шаардык төрөт үйүндө алп кызды жарык дүйнөгө алып келген энеден кабар алды.
Шаар башчысы жаш энеге 10 миң сомдук сертификат тапшырып, анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, бакыт каалады.