Индияда кооптуу көпүрө курулуп, 8 инженер иштен алынды

Индиянын Мадхья-Прадеш штатында автоунаалар үчүн курулган көпүрөгө байланыштуу чоң чыр чыкты. Бул көпүрө эл арасында "түз бурчтуу көпүрө" деген атка конду. Себеби көпүрө дээрлик 90 градус бурч менен кескин бурулуш жасап, айдоочулар үчүн кооптуу болуп калган. Бул тууралуу индиялык ЖМКлар кабарлашты.

Видеолордон көрүнүп тургандай, бурулуш чындап эле кооптуу. Социалдык тармактарда колдонуучулар "Бул жерге "дрифтке уруксат" деген белги коюу керек го" деп тамашалап жатышса, жергиликтүү айдоочулар бул көпүрөнү айланып өтүүнү туура көрүшүүдө.

Индиянын Мадхья-Прадеш штатынын башчысы Мохан Ядав бул тууралуу соцтармактагы X баракчасында билдирүү жасап, Aishbagh ROB аттуу көпүрөнүн курулушунда катуу шалаакылык кеткенин белгиледи. Ал кызматтык иликтөө жүргүзүүнү буюрган. Жыйынтыгында 8 инженер, анын ичинде 2 башкы инженер кызматтан дароо четтетилди.

Мындан тышкары, көпүрөнү долбоорлогон уюм менен долбоор кеңешчиси кара тизмеге киргизилди.

Ошондой эле бийлик бул көпүрөнү кайра карап чыгуу үчүн атайын комитет түздү. Комитеттин милдети - объектти оңдоо жана коопсуз кылып кайра куруу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан