АКШнын Чикаго шаарында түнкү клубдун жанындагы атышуудан кеминде үч адам каза болуп, дагы 16 адам жаракат алды. Бул боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шилтеме берип CBS телеканалы кабарлады.
“Кеминде үч адам каза болуп, дагы 16 адам жаракат алды. Бул атышуу Чикаго шаарынын борборунда жайгашкан түнкү клубдун жанында шаршемби күнү кечинде болду”,- деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, белгисиз адамдар түнкү клубдан чыгып бара жаткан адамдарга унаада келе жатып ок атышкан.