1 миллионго жакын. Өзбекстанда кыргызстандык туристтердин саны өстү

2025-жылдын башынан тарта Өзбекстанда туристтердин агымы кескин өсүп, январь–апрель айларында өлкөгө 3,1 миллион чет элдик турист келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46,4 пайызга көп. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Өзбек басылмалары белгилегендей, негизги туристтик агымды коңшу өлкөлөр түзүп, алардын ичинен биринчи орунда Кыргызстан турат.

Расмий маалыматтарга ылайык, төрт айдын ичинде Кыргызстандан Өзбекстанга 942 миңден ашуун адам барган. Бул көрсөткүч кыргызстандыктарды өлкөдөгү эң ири чет элдик туристтик топко айлантат. Экинчи орунда Тажикстан (793,9 миң адам), үчүнчү орунда Казакстан (617,2 миң адам) турат.

Туристтердин активдүүлүгү өзгөчө Ташкент, Самарканд жана Бухара шаарларында байкалууда. Өзбекстандагы туризмдин өсүшү инфраструктуранын жакшыртылышы, маданий багыттардын өнүгүшү жана коңшу өлкөлөрдө өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңири жарнамалоо менен байланыштуу экени белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан