Сокулукта мыйзамсыз наркотикалык заттарды алып жүргөн эки шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 20-июнда Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан район аймагындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында “Арсенал” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлгөн. Иш-чаранын алкагында Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаа милиция кызматкерлерине баш ийбей качып кеткен. Жогорудагы автоунаа Манас айылынан токтотулуп, ыкчам тергөө тобу тарабынан автоунаадан 1 килограмм 642 грамм салмагындагы белгисиз зат алынган.
Экспертизанын корутундусуна ылайык алынган зат “Кара куурай” өсүмдүгү экени аныкталган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, 2004-жылы туулган Т.Д. жана 1993- жылы туулган В.Т. аттуу жарандар Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.