АКШ БРИКС уюмун колдогон өлкөлөргө кошумча бажы салыгын киргизет

АКШ БРИКС саясатын колдогон өлкөлөргө кошумча 10 пайыз бажы төлөмдөрүн киргизет. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында билдирди.

АКШ 7-июлдан тартып башка өлкөлөргө эки тараптуу соода шарттары жана АКШга жеткирилүүчү товарларга бажы төлөмдөрү жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтө баштайт.

"БРИКСтин АКШга каршы саясатын колдогон ар кандай өлкөгө каршы АКШ кошумча 10 пайыз бажы төлөмүн киргизет. Жеңилдиктерди күтпөгүлө",- деп баса белгиледи Трамп.

Эске салсак, 4-июндан тарта АКШ импорттолгон болот жана алюминийге төлөмдөрдү эки эсе көбөйткөн.

Бразилиянын төрагалыгы астында 6-7-июлда Рио-де-Жанейродо БРИКС саммити өтүүдө. Катышуучу мамлекеттер Украиндагы, Иран-Израил жана Палестина-Израил конфликттери боюнча билдирүүлөрдү жасап, эл аралык институттарды реформалоону чакырышты жана космостук курал жарышына каршы чыгышты.

Азыр БРИКСке 10 өлкө кирет: Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары, Иран, Эфиопия, Египет жана Индонезия.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан