Бишкекте прокурордун мурдагы жардамчысы кармалды 

Бишкекте жана Чүйдө Telegram мессенжери аркылуу баңгизат сатууга шектелип 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган кишинин жанынан баңгизаттар, прокурордун жардамчысынын күбөлүгү, банктык карталар жана уюлдук телефондор табылган. Ал эми үйүн тинтүүдө ири өлчөмдөгү марихуана, кара куурай менен спирттүү тундурмалар, ошондой эле өсүмдүктөрдү өстүрүүгө арналган жабдуулар (гроутенттер, лампалар, термометрлер жана башкалар) табылган.

Шектүү маңзаттын элиталык марихуана сортторун сатуу менен алектенген. Каражаттар электрондук төлөм системдери аркылуу үчүнчү жактардын атына катталган аккаунттар менен түшүп турган.

Учурда бул ишке тишеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан