Индиянын түндүгүндөгү Химачал-Прадеш штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам келип чыккан жер көчкү жана суу ташкындарынан кеминде 78 жаран каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазышты.
Маалым болгондой, дагы 37 адам дайынсыз болууда.
"Эң көп жабыркаган аймактардын бири Манди районундагы Тунаг айылы болду, ал жерде 14 адам каза болуп, 31 адам дайынсыз жоголду. 150дөн ашык турак жай, 106 сарай талкаланып, 31 унаа, 14 көпүрө жана көптөгөн жолдор бузулган. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери уланууда",- деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Химачал-Прадеш штатында муссон мезгили башталгандан кийин жер көчкү менен суу ташкынынан 22 адам көз жумганы кабарланган.
Химачал-Прадеште муссон мезгили июндун аягынан сентябрга чейин созулат. Бул мезгилде аталган аймакта жаан-чачын көп жаайт.