Орусиянын Новосибирск шаарында 38 жаштагы жаран пенсионерди өлтүрүп, мектеп окуучусун зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя Ашхабад көчөсүндө болгон. Селсаяк алгач 65 жаштагы кишинин башына лом менен бир нече жолу чаап салган. Ал оор жаракаттарды алып, жеринде каза болгон. Андан соң шектүү 13 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерин жасаган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.