Орусиянын Находка шаарында кыз үчүн чыккан жаңжалда 13 жаштагы өспүрүм бала көзүнөн ажырады. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, жабыркаган өспүрүм бейтааныш кыз менен интернет аркылуу таанышкан. Көп өтпөй өспүрүмгө кыздын жигити экенин айткан белгисиз адам байланышып, бетме-бет сүйлөшүүнү сунуштаган.
Жолугушуу учурунда сүйлөшүү орой сөздөр менен коштолуп, шектүү пневматикалык тапанча алып чыгып, өспүрүмдүн бетине ок чыгарган. Ок анын көзүнө тийип, оор жаракат алган. Натыйжада анын көзүн сактап калууга мүмкүн болбой калган.
Учурда полиция кол салган адамды издөө иштерин жүргүзүүдө.