Нарын облусунда жана шаарында жасалып жаткан жолдордун бүтүшү кечеңдеп жаткандыгын айтып, элеттик элдин нааразычылыгы күчөгөн. Бул арада УКМК башчысы Камчыбек Ташиев барып, жыйын өткөрүп, бир нече талаптары коюп да жетишти.
Ал эми коомчулуктун оозунан түшпөгөн Нарын облусундагы жана шаарындагы жолдордун салынышы, бүткөрүү иштеринин кечигиши боюнча транспорт министри Абсаттар Саргабаев асфальт заводунун жоктугу менен байланыштырды.
"Эң көйгөйлүү делген Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрү өз мөөнөтүндө бүтөт. Шералиев көчөсүн 10-августта тапшырабыз. Ал эми Нарын–Баетов унаа жолу жылдын аягына чейин бүтөт. Жол салуунун кечеңдеп жаткандыгы асфальт заводунун жоктугу болчу. Учурда 3 заводдун экөөсү ишке берилди. Нарында асфальт маселеси болбойт деп жатабыз. Ал эми 1-2 блогер видеолору менен убактылуу көрүнүштү тартып берип жатат. Биз тескерисинче күчөтүлгөн тартипке өттүк. Жумушчулар жана техникалар эки эсеге көбөйдү. Сапаттуу жолдор өз мөөнөтүндө тапшырылат", - деди министр.
Буга чейин социалдык желелерде Нарындагы жолдорго сын айтылган видеолор тарап, айрымдар ыр менен жеткирүүгө жетишти.