
Бүгүн, 7-июлда нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрүп, Токтогул районундагы Бишкек–Ош унаа жолунун 272+800-чакырым участкасы убактылуу жабылды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол коопсуздугун камсыздоону тынымсыз улантууда. Ошондой эле жолго чыууну пландап жаткан айдоочуларды убактылуу токтоп турууга чакырат.