Орусиянын транспорт министри жана Курск облусунун мурдагы губернатору Роман Старовойт Москванын четиндеги Одинцово округунун аймагында өзүн өзү атып алды. Анын денеси парктын жанында токтоп турган унаасынан табылды. Бул тууралуу орус басылмалары билдирип, аны президент Владимир Путин бүгүн, 7-июлда отсавкага кетиргендигин жазышууда.
Ал эртең менен министрликте жыйын өткөрүп, кесиптештери менен коштошуп кеткен. Түштөн кийин жансыз денеси табылган.
ЖМКлар ал 2023-жылы Орусиянын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинен алган сыйлык куралы менен өзүн атып алгандыгын кабарлашты. Ошондой эле ага карата кылмыш иши ачылгандыктан, кызматтан кетирүү чечими кабыл алынгандыгы кошумчаланды.