Садыр Жапаровдун Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуу аземи өттү

Бүгүн, 8-июлда Душанбе шаарындагы “Улут сарайынын” аянтында Садыр Жапаровдун Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

“Улут сарайында” Кыргызстан жана Тажикстандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлдү.

Мамлекет башчылары өз ара саламдашкан кийин Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң аскердик оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин ойноду. Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын урматына өзгөчө салтанаттуу саламдашуу жана сый көрсөтүү иретинде гимндер аткарылып жатканда 21 артиллериялык ок атылды.

Андан соң лидерлер ардактуу кароолдун катарын кыдырып өтүштү, мындан кийин мамлекет башчыларына тараптардын делегациялары тааныштырылды.

Расмий азем аяктагандан кийин лидерлер сүрөткө түшүү аземи үчүн "Улут сарайынын" фойесине өтүштү, андан соң тар курамдагы сүйлөшүүлөр залына киришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан