Улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген 36 жаштагы киши Бишкек шаарынан кармалып, Ош шаарына алынып келди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жасаган иштери үчүн изделип жаткандыгын билип, Бишкек шаарына из жашыруу үчүн качып кеткен. Шектүү Instagram баракчасы аркылуу мыйзамсыз чакырыктарды жасап келген.
Учурда тергөө иштери уланууда.