Армениянын парламентинде мушташ чыгып, жыйын токтотулду

Бүгүн, 8-июлда Армениянын парламентинде оппозиция менен бийликтеги “Жарандык келишим” партиясынын депутаттарынын ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Пикир келишпестик прокуратуранын оппозициячыл “Армения” фракциясынын депутаты Артур Саркисянды кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу сунушун талкуулоо учурунда чыккан. Саркисян “теракт даярдоо жана бийликти басып алуу аракетине” айыпталууда. Бул иштин алкагында буга чейин архиепископ Баграт Галстанян камакка алынган.

Саркисян өз сөзүндө бийликти кескин сындап, чечим буга чейин эле кабыл алынганын айткан. Талкууга катышпай турганын жарыялап, жубайы жана төрт баласы менен чиркөөгө, андан кийин Тергөө комитетине барарын билдирген.

Анын сөзүнөн кийин бийликтеги фракциянын депутаттары ага чуркап барып, мушташ башталган. Оппозициячыл депутаттардын айтымында, “Жарандык келишим” фракциясынын жардамчылары да чыр-чатакка аралашкан.

Жыйынга тыныгуу жарыяланды. Тыныгуудан кийин оппозиция өкүлдөрү жыйынга кайтып келишкен жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан