
Бүгүн, 8-июлда УКМК төрагасы
Камчыбек Ташиев Ош шаарына иш сапары менен барды. Алгач атайын кызматтын башчысы "Достук" чек ара бекетинин айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери менен таанышты.
Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев чек ара бекетинин айланасы жана унаа жолунун эки четинде жайгашкан курулуштардын буга чейинки абалына токтолуп, жалпы маалымат берди.
УКМК башчысы Чек ара бекетинде кирип-чыккан унаалардан акча алуу фактылары боюнча даттануулар болуп жатканын айтып, жетекчилерди жумушуна жоопкерчилик менен мамиле кылуу чакырды.
"Достук" чек ара бекетинин башчысы коррупциялык элементтер жоюлганын айтып ар күнү чек арадан 20 миңдей адам өтөрүн билдирди.