Кылычбек Султан Пакистанга элчи болуп дайындалды

Кылычбек Султан Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону маалым болду.

Ал буга чейин Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, министрдин кеңешчиси кызматтарын аркалап жаткан.

Айта кетсек, Кылычбек Султан 2012-2013-жылдары социалдык өнүктүрүү министри болуп эмгектенген. 2014-2016-жылдары өлкөнүн Малайзиядагы элчиси болгон. 2017-жылдын октябрында Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалып, 2018-жылы кызматынан бошотулган. 2023-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган.

Кылычбек Султан "Супер-Инфо" гезитинин, SUPER.KG порталынын жана башка ЖМКлардын негиздөөчүсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан