Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги АКШ импортко 25 пайыздык бажы төлөмүн киргизгенден кийин билдирүү жасады.
"Казакстандын экспортунун көпчүлүк бөлүгү жаңы бажы алымдарысыз өтө берет. Бул негизги чийки затка жана стратегиялык товарларга – мунай, уран, күмүш, ферросплав, тантал жана титанга тиешелүү. Эсептөөлөргө караганда, көрүлгөн чаралар Казакстандын 95 пайыз экспортуна таасирин тийгизбейт", - деп билдирди министрлик.
Ошол эле учурда Казакстандын өкмөтү Ак үйдүн администрациясына өз ара соода шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштарды жөнөттү.
"Казакстан улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана туруктуу соода-экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн америкалык тарап менен мындан аркы сүйлөшүүлөргө даярданып жатат",- деп жыйынтыктады.
АКШ 1-августтан тарта Казакстандан импорттолуучу бардык продукцияларга 25 пайыздык бажы төлөмүн киргизерин билдирген.