Байтик айылындагы жер тилкелерин бөлүштүрүү иштери текшериле баштады

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик-Баатыр айылындагы жер тилкелерин бөлүп берүү фактысы боюнча текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу облус милициясы билдирди.
Маалым болгондой, аталган аймактын 25-30дай тургуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү менен айылдын Маданият үйүнөн жолугушуп, айылдын батыш тарабындагы жер тилкелери тууралуу маселени көтөрүшүп, ал жерлер өз билемдик менен бөлүнүп кеткендигин билдиришкен.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, Байтик айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.А. тарабынан 30дай жер тилке мыйзамсыз жана тиешелүү документтерисиз бөлүнүп берилгендиги боюнча маалымат алышты.
Учурда тактоо иштери кызуу жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан