Ташиев Салык кызматынын мурдагы жетекчисинин байлыгын айтып таң калды (видео) 

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун байлыгы 55 миллион долларга барабар. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы жыйында айтып, таң калды.

Ташиевдин айтымында, ал иштеген 10 жыл аралыгында мынчалык байлыкты чогултуу кыйын. Анткени ал Салык кызматынан башка бизнеске аралашкан эмес.

"Кызматкерлери ай сайын 50-100 миң доллардан (ред. Алтынбек Абдуваповго) берип турчубуз деп айтып жатышат. Анын байлыгынын баарын мамлекетке алабыз. Сот жообуна тартабыз. Алтынбек мындан кийин эң жакыр адамдардын бири болот. Мурдагыдай мамлекеттик кызматта иштеп, байып, сотко кичине акча берип коюп, кайрадан чыгып алып, джип унаасын минип, ойноп-күлүп жүрбөйт. Бүттү. Андай убакыт өттү", - деди Ташиев.

Эске салсак, 6-декабрда Абдувапов менен Кыдыргычов УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар деп шектелип жатканын билдирген.

Ташиев Алтынбек Абдувапов жөнүндө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан