Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык Достук кичи районундагы 45-көчө толук кеңейтилип, асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү жашоочулар жана мекеме-ишкана жетекчилери катышты.
Жолго басылган асфальттын калыңдыгы 12 сантиметр болуп, эки тарабында ирригациялык лотоктор, жашыл аймак жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынып, түнкү жарыктандыруу орнотулган.