Өлкөдөгү жатак жана атайын мектептерди оңдоп-түзөөгө 105 миллион сом бөлүндү

Быйыл өлкөдөгү бир катар жатак мектептерди жана атайын билим берүү уюмдарын капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө 105, 5 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 9-июлдагы маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, имараттардын чатырлары алмаштырылып, жылытуу системдери, суу түтүктөрү жана электр чубалгылары оңдолот, санитардык түйүндөр жана ички бөлмөлөр жаңыланат.
Бул иштердин сапаты жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү тыкыр көзөмөлгө алынат. Ишти так, жоопкерчилик менен жүргүзүү – жалпы системанын ийгилигинин негизи”, – деди министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан