Индиянын аскердик "Ягуар" истребители Пакистандын чек арасына жакын жерде кулап түшкөнүн чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя кечээ, 9-июлда Ражастан штатынын Чуру районунда болгон. Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иш алып барууда.
Азырынча истребителдин кыйрашынын себеби белгисиз. Индиянын Коргоо министрлиги жакын арада бул окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлөрүн кабарлаган.