"Кайдан үйрөнгөнсүз?" Трамп Либериянын президентине таң калды (видео)

АКШнын лидери Дональд Трамп Либериянын президенти Жозеф Нюма Боакаини англис тилин мыкты билгени үчүн мактады.

Ак үйдүн башчысы Габон, Гвинея-Бисау, Либерия, Мавритания жана Сенегал лидерлерини менен түшкү тамактануу учурунунда Боакаиден англис тилин кайдан үйрөнгөнүн сураган.

"Сиз англисче уккулуктуу сүйлөйсүз. Сиз кайдан үйрөнгөнсүз?",- деген ал.

Буга жооп катары Либериянын башчысы англис тилин өз өлкөсүндө үйрөнгөнүн айтты.

10.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан