Орусиянын Ростов шаарындагы Суворовский кичи районунда таштанды контейнеринен ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя 9-июлда Платон Кляты көчөсүндө болгон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, контейнерден каза болгон бала табылган. Алар дароо укук коргоо кызматкерлерин чакырышкан.
Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде "Киши өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголду. "Окуянын бардык жагдайлары кылмыш ишин тергөө учурунда аныкталат",- дешти облустук тергөө комитетинен.
Окуянын чоо-жайы айтыла элек.