Эки дос тойдо кыз талашып, бири каза болду

Орусиянын Ставрополь крайында эки дос кыз талашып чыр чыгып, уруштун кесепетинен бири каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Тукуй-Мектеб айылында болгон. 24 жана 28 жаштагы эки жигит досунун үйлөнүү тоюнда бир кызды жактырып калып, майрам учурунда аны талашып чыр чыккан.

"Түнкүсүн кылмышка шектүү жабырлануучунун үйүнө келип, алар унаага отуруп, айылды аралап өтүшкөн. Шектүү унааны айдап бара жатып бычак алып, жабырлануучунун денесине бир нече жолу бычак сайган",- деп белгилешти милициядан.

24 жаштагы жабырлануучу алган жаракатынан каза болуп, кылмышка шектүү кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан