Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саха Республикасына (Якутия) болгон жумушчу сапарынын алкагында өлкө башчысы Айсен Николаев менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда президенттин администрациясынан билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Якутиянын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде маданият, экономика, айыл чарба жана спорт тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Элдик дипломатияны чыңдоого жана жалпы тарыхый-маданий мурасты сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Эдил Байсалов Кыргызстан менен Саха Республикасынын ортосундагы мамилелер көтөрүлүп, достук жана өз ара сыйлашуу рухунда жаңы мазмунга ээ болуп жатканын баса белгиледи.
Сапардын алкагында Эдил Байсалов ошондой эле РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусун жетектеген жана Кыргызстанда советтик мамлекеттүүлүктүн калыптанышында негизги ролду ойногон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Якутиянын тургуну Максим Аммосовдун эстелигине гүл койду.
Эске салсак, кыргыз делегациясы Орусия элдеринин улуттук рухунун күчүн жана биримдигин символдоштурган XXII Манчаары оюндарына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышууда.