Өзбекстанда "Док-1 Макс" сиробунан ууланган дагы бир бала каза тапты

3-июлда "Док-1 Макс" сиробун колдонгондон кийин майып болуп калган өзбекстандык балдардын бири Муслима Зиёбоева каза болду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Балдардын "Док-1 Макс" жана "Амбронол" дары-дармектеринен уулануусу Өзбекстанда 2022-жылдын сентябрынан декабрына чейин болгон. Расмий маалымат боюнча 68 бала каза болуп, дагы 23 бала майып болуп калган.

Муслима 2016-жылы Жиззах облусунда төрөлгөн. Сот материалдарына ылайык, 2022-жылдын декабрында дарыгердин дайындоосу менен ата-энеси ага "Док-1 Макс" сиробун күнүнө үч жолу бере баштаган. Кыздын бөйрөктөрү иштебей калып, заара чыгара албай калган. Алгач аны жергиликтүү ооруканага, кийинчерээк Ташкенттеги Улуттук балдар медициналык борборуна жеткиришкен. Жолдо Муслима комага түшүп, бир жуманын ичинде гана өзүнө келген.

Дарылоого карабастан, кыз I топтогу майып болуп калган. 2024-жылдын ноябрындагы сот учурунда ата-энеси кыз баса албасын, сүйлөй албасын жана багуу менен дарылоого айына 10 миллион сумдан ашык каражат талап кылынып жатканын айтышкан. Жалпысынан ушул күнгө чейин 1 миллиард сум коротулган.

2024-жылдын 18-ноябрында сот Муслиманы кошуп беш баланы жабырлануучу деп таанып, моралдык чыгым катары ар бирине 1 миллиард сумдан компенсация өндүрүүнү чечкен. Жоопко тартылгандардын ичинде Өзбекстандын Фармацевтиканы өнүктүрүү агенттигинин мурдагы жетекчиси Сардор Кариев да бар болчу. Ошондой эле, анын үйүнөн табылган 10 миң доллар каражат жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө бөлүштүрүлүшү керектиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан