8-10-июль күндөрү Ысык-Көл районунун аймагында “Өспүрүм түн” аталышындагы алдын алуу рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Рейд учурунда профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Мындан тышкары административдик укук бузуу жөнүндө кодексинин 74-беренесинин негизинде 8 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 8000 сом айып пул салынды. Иш-чаранын алкагында өспүрүмдөр жана ата-энелер арасында түшүндүрүү, алдын алуу багытындагы иштер да жүргүзүлдү.
Бул сыяктуу рейддер туруктуу негизде өткөрүлүп, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга жана терс көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталат.