Байтиктеги жер тилкелерин туура эмес бөлүштүргөн чиновниктер кармалды (видео)

Аламүдүн районунун Байтик айылындагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдө коррупциялык схемага жол берген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Чүй облустук милициясы билдирди.
Айта кетсек, 2 гектар жер тилкеси кезек тартибин бузуу менен 25 жаранга бөлүнүп берилген, ошол себептен жергиликтүүлөр мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранып, текшерүү башталган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Натыйжада Байтик айыл аймагынын мурдагы башчысы 1975-жылы туулган А.А., азыркы жер боюнча адиси 1992-жылы туулган С.Б. крмалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Маалымат үчүн: Айылдагы бир жер тилкесинин базар баасы 70 миң доллардан 100 миң долларга чейин.
10.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан