
Бүгүн, 10-июлда Бишкекте ипотекалык үйлөрдү тапшырып жатып президент
Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания алдыдагы 5 жыл ичинде муктаж болгон жарандарды турак жай менен толук камсыз кылууну максат кылып жаткандыгын билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, учурда Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, бул жагы Кара-Балтадан Токмокко карай үйлөрдүн салынышы кызуу жүрүүдө.
"Жарандарыбыздын жашоо шарттарын жакшыртууга мамлекеттин бардык болгон күч-аракетин жумшап жатабыз. Андыктан турак жай курулушу боюнча стратегиялык пландар узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ, ал эми заманбап жана ыңгайлуу турак жай объекттери келечекте да курула берет. Шаарлар менен райондордун борборлоруна бийик кабаттуу үйлөр курулуп бүткөндөн кийин план боюнча айылдарга өтөбүз", - деди президент.