Бүгүн, 10-июлда президент Садыр Жапаров ипотекалык үйлөрдү тапшырган соң Чыңгыз Айтматов проспектисинин оңдоп-түзөөдөн өткөн бөлүгүнө барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда оңдоо иштери толук бүткөрүлгөн. Өлкө башчысы жолдун курулушун көрүп, шаар тургундары менен баарлашты.
Жаңыланган бөлүктүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзөт.
Мамлекет башчысына реконструкциянын натыйжасында жол ар биринин туурасы 4 метрден болгон алты тилкеге чейин кеңейтилгендиги маалымдалды. Бул борбор калаанын негизги магистралдарынын биринин ушул тилкедеги өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топ жогорулатты.
Муну менен катар жөө жана вело жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Көчөнүн эки тарабында тең кең тротуарлар жана веложолдор курулуп, бул экологиялык таза транспорттун өнүгүшүнө жана шаардыктардын активдүү жашоо мүнөзүн колдоого өбөлгө түзөт.