SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Түштүк Кореядагы INHA университетинин бүтүрүүчүсү, мекендешибиз Гулиза Айткулова менен маектештик.
Айткулова 2024-жылы Кореядагы Инха университетинин Инженерия факультетин аяктаган. Учурда Сеул шаарында жашайт. Англис тили курсун онлайн форматта окутуп келет. Үй-бүлөлүү. Жолдошу Каныбек Асанбеков Кореядагы Ulsan National Institute of Science and Technology (UNIST) университетин бүтүрүп, учурда Сеулда жасалма интеллект (AI) инженери болуп иштейт.
- Гулиза, өзүңүз тууралуу кенен маалымат берип өтсөңүз. Балалыгыңыз кайсы аймакта өткөн? Алгачкы билим уясы, ата-эңеңиз тууралуу айтсаңыз.
- 2001-жылы Талас шаарында төрөлгөм. Эки бир тууганбыз. Таласта чоноюп, билим алгам. Атам Нурлан Айткулов, апам Индира Абдыкалыкова. 2008-жылдан тарта Таластагы №2 Рысакова атындагы мектепте билим алгам.
Мектебим орус тилдүү болгондуктан, орусча сүйлөй баштасам апам "үйгө келгенде орусча сүйлөбөйсүң, биз кыргызбыз, кыргызча сүйлөш биз менен" деп урушуп койгон эле. Ошентип мектепте орусча, үйдө кыргызча сүйлөшүп, кыргызчаны унуткан жокмун. Бул үчүн апама өтө ыраазымын!
Биринчи классымда китептерге өтө кызыгып окудум. Үйдөгү болгон китептердин баарын окуп, кечке апамды "китеп сатып бергиле" деп кыйнай берчүмүн. Бирок таенем бир күнү апама "шаардык китепканага жаздырып кой да кызыңды" деп айткан эле.
Эсимде, апам экөөбүз шаардык китепканага барып максималдуу 1 адамга 6-7 китеп берилсе, мен ошонун баарын алып, үйгө келгенде бир күндө шатыратып окуп коёт элем. Кайра эле апам экөөбүз эртеси күнү китепканага жөнөйт элек.
Мектеп учурунда башка балдар үй тапшырмаларын ата-энелери, байке-эжелери менен аткара турган болсо, мен негедир өзүм эле мектептен келер замат формамды чечпестен тапшырмаларымды жасап, билбеген нерселеримди мугалимиме телефон чалып, сурап алчумун.
Ата-энемдин "Биз орусча баары бир деле билбейбиз, сабагынан жардам бере албайбыз" деген сөздөрү дагы таасир этти окшойт. Ошентип, кичинекей кезимен баштап дисциплина сактаганым окуумдагы ийгиликтерге алып барды десем жаңылышпайм.
Эң маанилүү нерсе - ата-энем "биз ала албаган жогорку билимди балдарыбыз алсын" деп байкем экөөбүздүн билим жолунда өсүшүбүзгө чоң салым кылышкан. Азыркы учурда атам менен апам Таласта турушат.
- Flex программасы менен Америкада да окуп келген экенсиз. Бул жөнүндө кенен токтоло өтсөңүз.
- Мектепте эң мыкты бааларга окудум. Андан тышкары, 8-классымдан баштап Таластагы англис тилинен сабак берген эң күчтүү мугалим Владимир Шалагиндин курстарына барып баштагам. Анын артында шаардык, республикалык англис тили олимпиадаларына катышып, 1-орунду багындырган учурлар көп эле болду. Алардын арасынан 9-10-классымда 2 жыл катары менен "Билимкананын" англис тили олимпиадасында республика боюнча чемпион болгом.
10-класста окуп жатканда FLEX программасынын тестирлөө турларына катышып жүрдүм. Ошентип жазында бир күнү "Гулиза, сиз FLEX программасына Америкага 1 жыл окуп келүүгө өттүңүз" деген телефон чалуу болду. Ошол учурда мен UWC деген программа боюнча Түштүк Африкага дагы өткөн элем (акы төлөө боюнча). Бирок Америкага барайын деп чечтим. Ошентип 11-классты Америкадан өткөрдүм. Ал жакка 2018-жылы августта учуп кеткем.
Вашингтон штатынын Порт Орчард деген шаарында хост үй-бүлөм, жалгыз пенсионер айым менен жашадым. Хост апам мени жакшы карады, мага даамдуу тамактарды жасап берип, Вашингтон штатын кыдыртчу. Ошондой эле South Kitsap High School деген мектепке Америка тасмаларындагы сары мектеп автобусу менен барып келчүмүн.
Америкада дагы жалаң 5ке окудум. Мектебимдеги 3000 окуучунун арасынан "Айдын эң мыкты окуучусу" деген наамга ээ болуп, Kiwanis Club'тан 50 доллар сыйлык алган элем. Ал жакта мектепте өзүңө жаккан предметтерди тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан, мен программалоо жана экономикага байланыштуу сабактарды алып окудум.
Америкага барганда мамлекеттин өнүккөнүн көрүп, "Таластан, Кыргызстандан башка дагы дүйнө бар турбайбы, али мен бара элек" деп көзүм ачылган эле.
Америкада жүргөндө менде чет өлкөдө англисче окугум келет деген кыял пайда болгон. Ал жакта ар кандай иш-чараларда кыргыз көйнөгүмдү кийип алып, Атай Огомбаевдин "Маш ботоюн" чертип, америкалыктарга Кыргызстан жөнүндө презентация кылып, өзүмдүн өлкөм жөнүндө башка элге тааныштырып жүрдүм.
- Эң сонун, Түштүк Кореяда кайсы университетте, кайсы тармакта билим алдыңыз?
- Түштүк Кореянын Инчон шаарында жайгашкан жеке INHA университетинде Инженерия факультетинин бакалавр программасын бүтүрдүм. Университетибиз Түштүк Кореянын ТОП-30га кирген эң алдыңкы окуу жайларынын бири. Университетте бардык факультеттер корей тилинде окутулат. Бирок 2 эле факультет - инженерия жана бизнес факультет жаны департамент болуп ачылып, сабактар англисче өтүлөт.
- Билим алуу үчүн эмнеден улам Кореяны тандап алдыңыз эле?
- 2019-жылдын сентябрынан 2020-жылдын жазына чейин үйдө, Таласта тайпаларды топтоп, англис тилинен курстарымды окуткам. Ага удаа TOEFL тестин (98 балл алгам) тапшырып, документтеримди Канададагы досторумдун сунушу боюнча Кореядагы университеттерге жөнөтүп жүрдүм.
INHA университетинен толук бюджет алып, ошол үчүн бул жакка келүүнү чечтим. Учак билети, турак жай, тамак-аш сыяктуу чыгымдарды ата-энем каржылап берди. Буга кошумча бул жактан англис тил академияларында мугалим болуп иштеп, өзүмдүн жеке онлайн англис тили курстарын берип, күнүмдүк чыгымдарыма каражат таап жүрдүм.
Университетте максимум GPA 4.5 болсо, меники орточо баам 4.25 болуп бүтүрдүм. Жакшы окуганыма байланыштуу 3 курсумда 1500 доллар сыйлык алгам. Университетимде программалоо, математика сабактарынан кенже курстун студенттерине репетитор "tutor" болуп сабактарынан жардам берчүмүн.
- Англис тилинде онлайн курстарды окутуп келет экенсиз. Кандай ыкма менен окутасыз?
- Ооба, жогоруда айтып кеткендей эле өзүм буга чейин англис тилинен көптөгөн ийгиликтерге жетишип, Америкада жашап келгем. 2017-жылдан бери Владимир Шалагин агайымдын уникалдуу методикасы менен сабактарымды берип келем.
Владимир Сергеевич мектепте окуп жүргөн кезимде англис тили боюнча республикалык деңгээлдеги олимпиадаларга даярдачу эле. Мен дагы ал методика боюнча окуучуларымды олимпиадаларга даярдап, алар да мендей болушуп, FLEX, БАУга өтүшүп, азыр чет өлкөлөрдө жүрүшөт.
Эмнеге Владимир Сергеевичтин методикасы ушундай ийгиликтүү? Анткени ал англис тилин үйрөнүп келе жаткан адамга оңой болсун деп өзгөчө бир формулаларды ойлоп тапкан. Ал англис тилинде эрежелер каяктан келген, алар кантип иштейт деген сыяктуу суроолорго жооп берет. Эгер окуучу ошол формулаларды түшүнсө, ал эрежелерди ар бирин жаттабай эле формула боюнча чет тилде сүйлөм түзүп кете берет.
Курста Speaking (сүйлөө) жана writing (жазуу) жагынан, кеп түзүмү жана абзацтар деген эл аралык шаблондорду үйрөтөм. Ал жакта чет өлкөдөгү университеттерге тапшыруудагы эссе жазууда өзүңдүн идеяңды кантип туура, так, иретүү жеткирүү керектигин айтып берем.
Мындайча айтканда, мен колдонгон мугалимимдин методикасынын мааниси - структуралаштыруу (сүйлөмдөрдү куроо) деп айтсам болот. Англис тилин математиканы үйрөнгөндөй эле адам ой жүгүртүүсүн жыйнаштырып, так болгондо үйрөнөт. Дагы бир негизги нерсе - бул дисциплина.
Кадимки курстар жумасына 2-3 жолу болсо, мен (өзүм окугандай эле) сабактарды жумасына 5 жолудан кылам. Жумасына 2 жолу 2 сааттан окуганча, 5 жолу 1 сааттан окуган эффективдүү болот деп эсептейм. Бул адат катары мээге сиңе турган көндүм болуп калат - ошол үчүн күнүгө окуш керек. Ошондо прогресс жакшыраак болот.
Эгерде ушул методика менен окубасам, англис тилин билип, жашоомдо мындай ийгиликтерге жетишпейт элем. Англис тилин билгеним үчүн мага жашоомдо дайыма көп жаңы эшиктер ачылып келет.
Менин жашоомдогу эн чон кыялым - Кыргызстанда, алгач Таласымдан баштап, англис тил академияларын ачып андан соң мектептер тармагын ачкым келет. Ал жерде эң мыкты бардык билим берүү системин (башка өлкөлөрдөн көрүп келген) кошкум келет.
Менин эн башкы максатым - Кыргызстандагы билим берүү системин жакшыртуу жана балдардын билим деңгээлин жогорулатып, аларга көптөгөн мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Ошол үчүн азыркы учурда дүйнөдөгү ТОП университеттерге билим берүү тармагына магистратурага тапшырууга даярданып жатам. Ушул максатымды көздөп, учурда Таластагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан 9-10 класстын окуучуларына бекер сабактарды "community service" коомдук иш катары берип жатам. Бул жеке демилгем.
АКШ элчилиги каржылаган Таластагы American Corner менен байланышып, алар мага таланттуу окуучуларды таап бергенге жардам беришти. Курсумду аяктаган чоң окуучулар Американын элчилигинин сертификаттарын алышат.
- Азыр абитуриенттер окуу жайга тапшыруу, кесип тандоо алдында турган чагы. Кеп-кеңеш берип өтсөңүз. А сиз кесип тандоодо эмнелерге басым жасагансыз?
- Кесип тандоодо өзүңөрдүн шыгыңарга карап тандасаңар жакшы болот деп айтар элем. Айла жоктон же ЖРТнын жыйынтыгына, ата-энеңер айтканына эле карап эмес, өзүңөрдүң жүрөгүңөр кайсы тармакка тартса, күнүмдүк жашоодо эмне менен алектенгиңер келсе, ошол кесипти тандасаңар жакшы болот деп ойлойм.
Быйыл ЖРТдан баллыңар жетпей калса, мендей болуп "GAP year" (тыныгуу алуу жылы. Бул мектепти бүтүп, ЖОЖго тапшыруу этабында болот) алып, даярданып чет өлкөгө тапшырганга аракет кылсаңар болот. Мисалы, мен өзүм программист кесибине окудум. Бирок менин шыгым - сабак өтүү, билим берүү жагында иштөө болуп чыкты. Англис тилинен сабак берген процесс мага аябай жагымдуу. Мейли түн ортосунда уктап жаткан жеримден тургузуп, сабак өт десеңер да кыла бере турган нерсе.
Программалоо башында перспективдүү жумуш, онлайн деле иштесем болот экен жана жакшы окуйм аны алып кете алам деген ойлор менен тандагам. Ооба, азыр программист боло алам, бирок программист жумуш процесси менин мүнөзүмө дал келбей калгандай сезилет.
Ошол үчүн билим берүү тармагына магистратурага тапшырайын деп жатам. Анткени ошол меники экенин сезип турам. Бул иш - меники деп айтсам болот. Эгер жумушуңду ушунчалык сүйүп, берилип кылган болсоң, ал дагы сага артыкчылык алып келет. Кошумча иштеп чарчабайсың, анткени ал сага эргүү тартуулай алат. Менин жашоомдо - англис тили, сабак өткөрмөй, академия, мектеп иштетүү жумушу маанилүү.
- “Адамдар кыялдары орундалбай калганы үчүн дагы ооруйт” деген сөз бар экен. Буга кандай карайсыз?
- Кыялдарыңар орундалбай калса, "бул күнөөлүү, тиги күнөөлүү, ушунун айынан мен бир нерсе кыла албай калдым эле" деп ооруп, отура бербей, өзүңдү колго алып, көз жашыңды сүртүп, кыялдарыңды реалдуулукта ишке ашырууга камын. Бул жашоодо силерге өзүңөрдөн башка эч бир адам жакшыраак жардам бере албайт. Силердин жүрөгүңөр эмне каалаганын, кандай болгондо силерге жакшы болорун өзүңөр гана ички сезимиңер менен билесиңер. Ошол үчүн өзүңөр гана абалды оңдой аласыңар.
Силер, өзүңөрдү өзгөртө албасаңар - бул силердин тандооңор. Жашооңордо бир нерсе жакпай жатса, силер аны өзгөртүш үчүн эч нерсе кылбасаңар, демек, силер ага канааттанасыңар. Ошол үчүн кыялыңар орундалбаса, анын орундалышына өзүнөр гана себепкер боло аласыңар. Ошол эле учурда өзүңөрдүн мүмкүнчүлүгүңөрдү баалашыңар керек. Өзүңөр азыркы учурда жакшы окубасаңар, дисциплина жок болсо, анан "мен президент болот элем" деп кыялдансаңар дагы жарашпай калат. Өзүңөргө карап, реалдуу максаттарды койсоңор, анан эмгектенип отуруп, баары бир максаттарды кыялдарды ишке ашырса болот деп ишенем.
Мекендешибиз хоббилери Индия тасмаларын көрүү, ырдоо, бийлөө экенин айтат. Мындан улам ал Кореяда индустардын ар кандай иш-чараларына катышып турат.
- Гулиза, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Максаттарыңыз орундалсын, ийгиликтериңиз көп болсун!