Ак үй АКШнын президенти Дональд Трамптын сүрөтүн Супермендин образында жарыялап, америкалык лидерди "үмүттүн символу" деп атады.
Бул Трамптын башка образда жарыяланган биринчи сүрөтү эмес. Буга чейин ал өзү жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн сүрөтүн жарыялаган. Анда ал Рим папасы катары көрсөтүлгөн. Ак үй башчысы жакында да өзүнүн атырын чыгарганын билдирген. Анын капкагында Трамптын алтын жалатылган статуясы бар.