Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен алектенишкен делип беш жаран кармалды. Бул тууралуу Ултуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айыл чарба, жер маселелери жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Б.Ш., Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башкы адиси Т.А., Агрардык өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары А.М. жана коомдук комиссиянын мүчөлөрү Б.О., Ю.И. Ош облусунун Ачы участкасындагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу жана бөлүштүрүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-берененин 1-бөлүмү (Кызматтык жасалмачылык) жана 339-берененин 4-бөлүмү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
УКМК учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.