Ош шаарында козголгон кылмыш ишин жеңилдетип берүүнү суранып милицияга пара беррип жаткан жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Ош ШИИБинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 2001-жылы туулган М.Б. аттуу жаран эки өспүрүм кызды коркутуп, канал жээгине алып барып, эч бир себепсиз сууга түртүп жиберген. Кыздарды жергиликтүү тургундар куткарып, "Тез жардам" кызматы жеринде жардам берди.
Шектүү тергөөдө суракка алына баштаганда, милициядан маселени оң жагына чечип берүүнү суранып, ага 50 000 сом берип жаткан жеринен кармалды.
Шектүүгө карата сот тарабынан 2 айлык мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынды. Учурда бул кылмыш иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.