Акыркы алты айда жалпысынан 595 миң 610 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда жыйында айтылганын ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
-Мас абалында унаа башкарган 8 112 айдоочу;
-Ылдамдыкты ашырып айдаган 93 миң 365 айдоочу;
-Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 3 649 айдоочу;
-Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 21 162 айдоочу;
-Автоээнбаштык жасаган 541 айдоочу;
-Жол белгилерине баш ийбеген 291 179 айдоочу;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 81 миң 479 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун, ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Жоробековдун катышуусунда 6 айдын жыйынтыгы чыгарылды.
Анда тапшырмалар коюулуп, айрыкча туристтик мезгил учурунда айдоочулардын жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу эскертилди.