
Бишкектин Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Огонбаев көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн убактылуу ачылды. Бул тууралуу кечээ, 11-июлда мэриядан кабарлашты.
Маалым болгондой, мындай чечим жогоруда аталган аймактарда унаалардын тыгынын азайтуу жана жарандардын ыңгайлуулугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Курулуштар Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жеке көзөмөлүндө.