Ысык-Көлдө 7 жаштагы өспүрүмдү скутер менен сүзүп алган деген шек менен 47 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-июлда Булан-Сөгөттү айылындагы эс алуу жайларынын биринин пляжында болгон. Факт каттоого алынып, скутердин айдоочусу Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнө жеткирилген.
Ал эми жабыркаган өспүрүм райондук ооруканага жеткирилип, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Дарыгерлер анан абалын туруктуу деп баалашты. Учурда тергөө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Облустук милиция кийинчерээк кошумча маалымат берилерин белгиледи.