
Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлеринин атынан жасалма видео тарап жатканын эскертип, жарандарды этият болууга чакырды.
Белгилей кетсек, интернетте ИИМдин Борбордук аппаратынын жетекчилери кайрылуу жасап жаткан видеолор жайылууда.
"Бул маалыматтар жалган жана жасалма интеллект аркылуу түзүлгөн",- дейт министрлик.
Ведомство жарандарды интернетте тараган билдирүүлөрдү сын көз караш менен кабыл алууга, өзгөчө шектүү жана туура эмес түшүнүк жараткан маалыматтардан этият болууга чакырат.
Жалган жана жасалма видеону таратуу фактысы боюнча министрлик текшерүү баштады. Жыйынтыгында окуяга укуктук баа берилет.