Германиялык Леон Отремба боюнун кыскалыгынан депрессияга кабылып, бутун узартуу үчүн операция жасатты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, эки жыл ичинде ал 24 сантиметрге узарган.
23 жаштагы Отрембанын бою 171 сантиметр болгон. Бирок ал боюнун кыскалыгынан уялып жүргөн. Мындан улам ал бутун узартуу үчүн эки жолу операция жасаткан. Азыр анын бою 195 сантиметрди түзөт.
"Башында боюмдун кыскалыгынан уялгам. Сүрөткө да түшкүм келчү эмес. Бул үчүн депрессияга кабылгам",- деп билдирген Отремба.
Биринчи операциясы 2023-жылы өткөн. Бул операцияда дарыгерлер анын санынын сөөгүн 10 сантиметрге узартып, сырткы кармагыч конструкция колдонушкан. Ар күн сайын бул аппарат 1 миллиметрге тартып турган. Леон алты ай бою майыптар арабасында жүрүүгө мажбур болгон.
Экинчи операциясы 2025-жылдын башында жасалды. Бул ирет анын жилик сөөгү узартылган. Дарыгерлер ички механизм менен жабдылган "клик-система" колдонушуп, сөөгүн акырындан ажыратып турушкан. Леондун айтымында, бул жолу оору алда канча жеңил болгон. Бирок бул операциядан кийин да калыбына келүү үчүн бир нече ай талап кылынган. Ал тургай кайрадан басканды үйрөнүүгө туура келген.
Ал эми дарыгерлердин айтымында, мындай ыкма булчуңдарга таасир тийгизип, дененин биомеханикасын бузат. Себеби операция буттун узундугун гана өзгөртөт. Мындай процедуралар сынууларга, булчуңдардын жаракат алышына жана сезгенүүлөргө алып келиши мүмкүн.