Ошто мамлекеттик кызматкерлер кармалышты

Ош шаарында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектүү катары бир нече мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу ИИМ бүгүн, 17-июлда кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын декабрь айынын башында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош филиалынын, Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, Муниципалдык менчик башкармалыгынын карамагындагы жер тилкесин үй куруу үчүн жеке тарапка каттап беришкен.

Андан соң 2022-жылдын декабрь айынын аягында алдын ала сүйлөшүп алуунун негизинде жер тилкеси үчүнчү тарапка 450 000 сомго сатылган. Анын баасы 5 миллион 420 миң сомду түзгөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош филиалынын бөлүм башчысы А.Т., жетектөөчү адис А.Т., адис К.А., филиалдын мурдагы жетекчиси И.С. жана жаран М.И. кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан