АКШда белгилүү рэпер Диддинин (Пи Дидди, чыныгы аты Шон Комбс) жана финансист Жеффри Эпштейндин кылмыш иштери боюнча тергөөнү жүргүзүп келген прокурор Морин Коми кызматтан бошотулду. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары жазышууда.
Кызматтан бошотуу боюнча расмий себеп айтылган эмес, бирок басылмалар бул чечимдин саясий же ички иликтөөлөр менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин жазышууда. Washington Post жазгандай, кызматтан алуу тууралуу катта АКШ Конституциясында көрсөтүлгөн президенттин кеңири ыйгарым укуктарына шилтеме берилген.
Морин Коминин иштери коомдук резонанс жараткан. Алардын катарында Жеффри Эпштейндин сексуалдык эксплуатация боюнча иши жана жакында эле козголгон рэпер Диддиге карата зордуктоо жана башка оор айыптар боюнча териштирүүлөр бар.
Эпштейн сексуалдык зомбулук жана жашы жете элек кыздарды эксплуатация кылуу боюнча айыпталып, камалган, көп өтпөй абакта каза тапкан.
Шон Комбс (Дидди) жакынкы айларда бир нече жолу зордуктоо, зомбулук жана мыйзамсыз баңги колдонуу боюнча айыптоолорго кабылган. Анын үйлөрүндө жана жеке учактарында тинтүүлөр жүргүзүлгөн. Бул иштер боюнча тергөө уланып жаткан. Прокурордун кызматтан кетиши тергөөнүн жүрүшүнө кандай таасир этери азырынча белгисиз.
Морин Коми — мурдагы ФБР директору Жеймс Коминин кызы. Жеймс Коми АКШдагы 2016-жылкы шайлоо маалында Дональд Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен байланыштары боюнча териштирүүдө маанилүү ролду ойногон. Ал Трамп тарабынан күтүүсүз түрдө кызматтан алынган.